Аксыда селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Кырсык Загрузка... 11 Июль 2025 12:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 11.07.25 /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунун Кой-Таш айылына барып, кечээ селдин кесепетинен жабыркаган аймактардын абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, күн мурун саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын улам кокту-колоттон келген сел суулары эки көпүрөнү жана айыл ичиндеги үч ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирген.

Мындан тышкары, 4 электр мамысын жана бир электр көмөк чордонун агызган. Учурда айылдагы 150гө жакын кожолукка электр энергиясын берүү иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Сел суулары Жерге-Тал, Кашка-Суу жана Тосту айылдарын да каптаган. Бул аймактарда азыркы тапта тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аяктап калды.

Облус башчысы Тилек Текебаев Кой-Таш айылында жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштерин көзөмөлдөп, тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү техникаларды тартуу, тазалоо жумуштарын ыкчамдатуу жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.