АКШнын жаңы президенти Гуантанамо базасына депортацияланган мигранттар үчүн лагерь курууну тапшырды

Дүйнө 1300 31 Январь 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-01-31 at 07.20.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-31 at 07.20.38 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-31 at 07.20.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-31 at 07.20.38 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.01.25. / Кабар/. Күн мурун Дональд Трамп Кубадагы Гуантанамо базасына депортацияланган мигранттар үчүн 30 миң кишилик лагерь курууну тапшырды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирет.

Агенттиктин маалыматына караганда, Трамп бул лагерде Америка элине коркунуч туудурган мыйзамсыз келгиндер жайгашарын айткан.

“Гуантанамо америкалык базасы акыркы жыйырма жыл ичинде америкалыктар жихадчыларды туткунда турган аскерий түрмө катары белгилүү. Аталган базаны 30 миң кишилик кылып кеңейтүү керек”,-деген Трамп.

Эске салсак, Дональд Трамп президенттик кызматтын үчүнчү күнүндө АКШнын түштүк чек арасын мыйзамсыз мигранттар үчүн жабууга жана аларды депортациялоону күчөтүүгө багытталган буйруктарга кол койгон.