АКШнын улуттук паркында өрт чыгып, 500 адам эвакуацияланды

Дүйнө
АКШнын улуттук паркында өрт чыгып, 500 адам эвакуацияланды

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. АКШнын Аризона штатынын түндүгүндөгү Гранд Каньон улуттук паркынын аймагында өрт чыгып, анын көлөмү 24 сааттын ичинде дээрлик 20 эсеге өсүп, 500 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, парктагы өрт катуу түшкөн чагылгандан башталган. Катуу шамал жана ысыктан улам өрт 1 миң акрдан 20 миң акрга чейин өскөн.

Учурда жергиликтүү бийлик өрттү локалдаштыруу жана өчүрүү боюнча активдүү иштерди улантууда.