Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги өзүнүн кызматкерлерин 2 миңге кыскартты. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, ар кандай чалгындоо агенттиктеринин кызматкерлерине алгач февраль айында мөөнөтүнөн мурда жумуштан бошотуу варианттары сунушталган, ал эми май айында Улуттук коопсуздук агенттигинде кызматкерлердин кыскарышы тууралуу маалыматтар тараган.
Башка федералдык агенттиктерде айрым кызматкерлер жумуштан бошотулган, башкалары кызматтан өз каалоосу менен кеткен, ал эми дагы башкалары мөөнөтүнөн мурда жумуштан бошотуу сунуштарын кабыл алышкан, бул алардын мамлекеттик кызматтан эрте кеткенин, бирок дагы бир нече ай бою айлык акы алганын билдирген.
Улуттук коопсуздук агенттиги - кызматкерлердин саны жана бюджети боюнча АКШнын эң ири чалгындоо агенттиги. Штаб-квартирасы Мэриленд штатынын Форт-Мид шаарында жайгашкан. Агенттик Пентагонго карайт.