АКШнын 2 учагы Түштүк Кытай деңизинде кырсыкка учурады

Дүйнө Загрузка... 27 Октябрь 2025 17:00
WhatsApp_Image_2025_xRVgl1q.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. АКШнын аскердик тик учагы жана согуштук учагы пландалган тапшырмаларды аткарып жатканда Түштүк Кытай деңизинде кырсыкка учурады. Бул тууралуу ABC News агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, АКШнын Аскер-деңиз флотунун MH-60R Sea Hawk ВМС тик учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:45 чамасында кырсыкка учураган. Экипаждын 3 мүчөсү тең аман-эсен куткарылган.

Ошол эле күнү саат 15:15те Түштүк Кытай деңизинде кадимки операцияларды жүргүзүп жатып F/A-18 °F Super Hornet согуштук учагы да кырсыкка учураган Анда 2 экипаж мүчөсү катапультаны колдонуп, аман калган.

"Америкалык аскер кызматкерлери коопсуз жана туруктуу абалда. Учурда эки окуянын тең себеби такталууда», — деп айтылат АКШнын Тынч океан флотунун билдирүүсүндө.