АКШнын коргоо министринин учагы Улуу Британияга шашылыш конду

Дүйнө Загрузка... 16 Октябрь 2025 14:30
thumbs_b_c_d66a8a608419d188c1798af21afaf510.jpg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Бүгүн АКШнын коргоо министри Пит Хегсетт НАТО жыйынынан кайтып келе жатып, учагынын алдыңкы айнеги жарылып Улуу Британияга шашылыш түрдө конууга мажбур болду. Бул тууралуу Kazinform агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл X социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө, Хегсеттти ташып келе жаткан учак Британиянын аэропортуна коопсуз конгонун, мындай кадам стандарттык процедураларга ылайык аткарылганын билдирген.

“Учактагы бардык жүргүнчүлөр, анын ичинде министр Пит Хегсетт да аман-эсен. Учак стандарттык коопсуздук чараларынын негизинде конду”, - деген Парнелл.

Эске салсак, күн мурун коргоо министри Брюсселде өткөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына жана Украинанын коргонуусу боюнча байланыш тобунун жыйынына катышкан.