АКШнын Кентукки штатында жүк ташуучу учак кулап, кеминде 9 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 09:00
8983fd0e-71b2-4acc-9aac-5d1ca0b72bd5.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Кентукки штатындагы Луисвилл эл аралык аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу учак кырсыкка учурап, кеминде 9 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кырсыкка учураган тик учак UPS компаниясына таандык жана Хонолулу шаарын көздөй учкан.

Кентукки убактысы боюнча кырсык 4‑ноябрда саат 17:15 чамасында катталган.