Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. АКШнын Флорида штатында Ямайкага гуманитардык жардам жеткирип бара жаткан чакан учак жеке менчик үйдүн короосуна кулап түштү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, учак 7–9 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган. Учурда учкуч жана жүргүнчүлөр үйгө жакын жердеги көлдөн изделип жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондор тууралуу маалымат тактала элек.
Кырсыкка учураган учак "Мелисса" бороонунан катуу жабыркаган Ямайкага гуманитардык жүк жеткирип бара жаткан. Ал Форт-Лодердейл аэропортунан учуп чыккан.