АКШда учак кулап, төрт адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 21 Апрель 2025 15:48
WhatsApp Image 2025-04-21 at 12.43.29.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. АКШнын Иллинойс штатында бир моторлуу учак кулап, төрт адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Колес округунун тергөөчүсү Эд Шнеерстин айтымында, кырсык ишемби күнү штаттын борбордук бөлүгүндө болгон. Учак ачык талаага кулап, борттогу төрт адам тең окуя болгон жерде каза болгон.

АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешинин (NTSB) алдын ала маалыматы боюнча, учак кулап түшкөндө электр зымдарына тийип, өрттөнүп кеткен.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.