АКШда тез жардам тик учагы кулап, үч адам каза болду

Дүйнө
АКШда тез жардам тик учагы кулап, үч адам каза болду

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. АКШнын Миссисипи университетинин медициналык борборунда тез жардам тик учагы кулап, үч адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, учакта аталган медициналык борбордун эки кызматкери жана учкуч болгон.

Азырынча кырсыктын себептери айтыла элек.