Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. АКШда Starbucks жумушчуларынын ири масштабдуу иш таштоосу башталды, деп билдирет Казинформ Al Jazeera телеканалына шилтеме берүү менен.
Маалыматтарга караганда, Starbucks Workers United профсоюзуна кирген миңден ашуун бариста 40тан ашык шаардагы жумуш орундарына чыкпай койду. Себеби, компаниянын жетекчилиги менен айлыкты жогорулатуу жана жеңилдиктерди кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес.
Акция бейшембиде башталып, Starbucksтын салттуу Red Cup Day күнүнө туш келди. Бул күнү кардарлар майрамдык суусундуктарды буйрутма кылганда көп жолу колдонулуучу чөйчөктөрдү бекер алат. Адатта бул иш-чара кофейняларга көп кардар тартат.
Компаниянын маалыматы боюнча, Starbucks АКШда жана Канадада 18 000ден ашык дүкөндү иштетет жана азырынча иш таштоонун таасири чектелүү болду. Бирок 550 дүкөндү камтыган профсоюз, бул акция тармактын тарыхындагы эң чоң иш таштоого айлануусу мүмкүн деп эскертип жатат.
Иш таштоого Сиэтл, Нью-Йорк, Филадельфия, Даллас, Остин жана Портленд шаарларындагы дүкөндөр кошулду. Кээ бирлери бир күнгө жабылды. Социалдык тармактарда профсоюз кардарды Starbucksтан сатып алуудан баш тартууга жана кызматкерлерди колдоого чакырды.
Starbucks билдиргендей, кызматкерлердин орточо айлыгы саатына $19 жана жумага 20 сааттан көп иштегендер үчүн ар кандай жеңилдиктер каралган — медициналык камсыздандыруу, балдарга кам көрүү боюнча акы төлөнгөн отпуск, ошондой эле Аризона штатындагы университетте акысыз онлайн-окуу мүмкүнчүлүгү. Профсоюз болсо, көпчүлүк штаттарда баштапкы айлык $15,25 ашпайт жана көп баристалар жумасына 20 сааттан азыраак иштейт деп билдирүүдө.