АКШда шотдаундан улам келип чыккан экономикалык зыян эсептелди

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:00
owl_detail_620_9175.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. АКШ өкмөтүнүн иши узак мөөнөткө токтотулуп, анын экономикалык кесепеттери оорлоп баратат. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады.

Маалыматка караганда, өкмөт ишин токтоткон ар бир жума АКШ экономикасына 10 миллиарддан 30 млрд долларга чейин чыгым алып келет.

Аналитиктердин айтымында, зыян мындан да чоң болушу мүмкүн, анткени азыркы учурда экономика жети жыл мурункуга караганда алсызыраак абалда турат. АКШнын көптөгөн жарандары инфляция жана жумуш табуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тынчсызданышууда. Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө орун алган шотдаунга салыштырмалуу, бул ирет кесепеттери мамлекеттик кызматкерлердин айлыксыз калышы менен эле чектелбейт. Миллиондогон америкалыктар майрамдар алдында азык-түлүк жардамынан толук пайдалана албай калышты.

Barclays банкынын АКШ боюнча улук экономисти Жонатан Миллардын айтымында, буга чейин өкмөт ишинин токтошу олуттуу кесепеттерге алып келчү эмес. Бирок бул жолу абал таптакыр башкача болушу мүмкүн.

Конгресстин Бюджеттик башкармалыгынын маалыматына ылайык, шотдаундун АКШнын IV чейректеги экономикалык өсүшүн 2 пайыздык пунктка чейин төмөндөтүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, жеке сектор да жапа чегүүдө: подрядчы компаниялар ишин токтотуп, туристтерге көз каранды бизнес-түзүмдөр айрым парк жана музейлердин жабылышынан улам чыгымга учурады. Өлкөнүн эң чоң аэропортторунун айрымдарында авиадиспетчерлердин жетишсиздигинен улам каттамдар кечигүүдө.

Буга чейин Сенат 14 жолу Өкүлдөр палатасы колдогон, кризисти жеңүүгө багытталган убактылуу резолюцияны кабыл ала албай калгандыгы кабарланган.