АКШда начар аба ырайы 72 млн адамга таасир этти

Дүйнө Загрузка... 03 Декабрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-12-03 at 09.21.03.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. АКШнын Орто Батыш аймактарында жана Атлантика жээгинин бир бөлүгүндө кышкы бороон миллиондогон адамдардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизди. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук метеобюросуна таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин бузулушу 72 миллион америкалыкка - өлкө калкынын дээрлик төрттөн бирине кесепетин тийгизген. Атлантика жээгиндеги Нью-Джерси штатынын айрым райондорунда кардын катуу жаашы күтүлүп жаткандыктан, губернатор Фил Мерфи өзгөчө кырдаал режимин киргизди.

Вермонт, Массачусетс, Мэн жана Нью-Гэмпшир штаттарына жакындап келе жаткан кардуу циклонго байланыштуу бороон-чапкын тууралуу эскертүү жарыяланды. Миссуриде мектептер жабылды. Канзас жана Миссури штаттарында жааган кардан улам ондогон жол кырсыктары катталууда.

Алдыдагы эки күндө кар мындан да көп жаап, бул авиакаттамдардын ишин татаалдаштырары айтылууда. Өткөн дем алышта мындай кырдаалдан улам АКШ боюнча 3 миңдей рейс жокко чыгарылып, 21 миңден ашык рейс кечиккен.