АКШда кызамык менен ооругандардын саны 33 жылдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2025 18:32
WhatsApp Image 2025-07-07 at 17.47.22.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарында кызамык оорусунун саны акыркы 33 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге жетти, 38 штатта жана Колумбия округунда 1 миң 277ден ашык тастыкталган учур катталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Маалыматка караганда, эң ири эпидемия Батыш Техас штатында катталып, январдан бери 750дөн ашуун учур аныкталган.

Ал эми жыл башынан бери кызамык оорусунан үч адам каза болгон, бардыгы эмделбеген.

“Вашингтон пост” гезитинин маалыматына караганда, оорулардын санынын мындай кескин өсүшү өлкөдө эмдөөлөргө каршы күрөштүн олуттуу артка кеткендигин айгинелейт.

Эске салсак, буга чейин АКШда май айында кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1 миңден ашканы айтылган.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, 10-майга карата өлкөдө 30 штатта 1 миң 1 тастыкталган учур катталган.

ABC телеканалынын 20-апрелдеги маалыматы боюнча, 27 штатта кызамык оорусу катталып, жалпы ооругандардын саны 800гө жеткен.