АКШда катуу шамалдын кесепетинен жети адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 04 Апрель 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Күн мурун АКШнын Теннесси, Миссури жана Индиана штаттарында катуу шамалдын кесепетинен түштүк жана орто батыш аймактарында жети адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, аталган аймактарда жалпысынан 33 катуу шамал катталган.

Катуу шамалдын кесепетинен үйлөрдүн чатырлары учуп, унаалар оодарылып, бактар жыгылып, электр зымдары үзүлгөн. 200 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган.

Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн токойлор өрттөнүп, 100дөн ашык өрт кырсыгы катталган.