АКШда кар жаап, 600дөн ашык авиакаттам токтотулду

Дүйнө Загрузка... 01 Декабрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-12-01 at 08.32.26.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. АКШда калың кар жаап, 600дөн ашык авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости FlightAware мониторинг кызматынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, дагы 7000ден ашык каттам учуу мөөнөтүнөн кечигип калды.

Айрыкча мындай көрүнүш Чикаго, Нью-Йорк, Бостон, Де-Мойн, Миннеаполис жана Детройт аэропортторунда катталды.

Бул кырдаалдын дагы бир себеби, өндүрүүчүнүн эскертүүсүнөн кийин айрым Airbus учактарынын программалык камсыздоосун жаңыртуу зарылдыгы болгондугу да айтылды.