Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. АКШда качып кеткен лабораториялык 3 маймылдын дагы бирөө жок кылынды. Бул тууралуу New York Post гезити Миссисипинин жапайы жаратылыш, балык чарба жана парктар департаменти менен жергиликтүү шерифтин маалыматына таянып билдирди деп жазат РИА Новости.
Буга чейин Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдиргендей, Миссисипи штатынын бир тургуну бул штаттан качып кеткен лабораториялык маймылдардын бирин атып салган. Джессика Бонд Фергюсон айткандай, маймылды анын 16 жаштагы уулу үйүнүн короосунда көрүп калган. Анын айтымында, жаныбар ооруларды жугузушу мүмкүн деген кооптонуудан улам курал колдонууга чечим чыгарган.
«Джаспер округунун шерифи Рэнди Джонсон тастыктагандай, экинчи маймылды аны трассадан өтүп бара жаткан учурда көргөн жаран атып салган», — деп жазат басылма.
Ошол эле учурда штаттын бийлиги лабораториялык маймылдардын бирөө азыркыга чейин эркиндикте экенин ырастады.
Мурун Миссисипи полициясы АКШда качып кеткен лабораториялык 3 маймылды издөө иштери улантылып жатканын билдирген, бирок алар мурда айтылгандай кооптуу оорулардын ташуучулары эмес экенин белгилеген. Башында Миссисипи полициясы жол кырсыгынын натыйжасында гепатит С жана коронавирус жуктуруучу кооптуу лабораториялык маймылдар качып кеткенин маалымдаган болчу.