Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы июнь айында чек арадан өтүүлөрдүн тарыхый эң аз көрсөткүчүн каттады. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, июнь айында өлкө боюнча 25 миң 228 чек арадан өтүү катталган. Бул тарыхта катталган эң төмөнкү көрсөткүч. Айрыкча Түштүк чек арада болгону 6 миң 72 адам катталган. Бул март айындагы мурдагы рекорддук төмөн көрсөткүчтөн 15% аз.
Мындан сырткары, 28-июнь күнү чек арадан мыйзамсыз өтүүлөр боюнча суткалык эң аз көрсөткүч катталган . Болгону 136 адам.
АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы мыйзамсыз өтмөктөрдү жабуу жана тарифтерди киргизүү сыяктуу бир катар чаралардын негизинде олуттуу жыйынтыктарга жетишкенин билдирди.
Fox News агенттиги маалымдагандай, чек арада абал тынчып жатканына карабастан, федералдык иммиграция кызматтарына каршы нааразылык акциялары жана башаламандыктар уланып жатат.