Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. АКШда балдарга топтолуучу "Трамптын эсептери" ачылып, өкмөт ага 1 миң доллардан салат. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Маалыматка караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялагандай, Финансы министрлиги бул сумманы 2025-2028-жылдар аралыгында төрөлгөн, ата-энеси же камкорчулары программага кайрылган бардык балдардын эсептерине которот.
Трамп Ак үйдө демилгенин презентациясында билдиргендей, бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бойго жеткенге чейин өздөрүнүн каражаттарын топтоого мүмкүндүк берет.
"Трамптын эсептери" 2026-жылдын 4-июлунда — АКШнын 250 жылдыгында жеткиликтүү болот.
Демилгенин шарттарына ылайык, 2026-жылдын июль айынан баштап, ата-энелер, үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары, ошондой эле кайрымдуулук уюмдары бул инвестициялык эсептер үчүн салым кошо алышат. Ата-энелердин жумуш берүүчүлөрү да ушул сыяктуу кайрымдуулуктарды жасай алышат. Бул каражаттар негизги фондулук индекстерге кирген каражаттарды көзөмөлдөөчү компаниялардын баалуу кагаздарына кайра инвестицияланат.
Мындан тышкары, Dell компаниясынын негиздөөчүсү Майкл Делл жана анын жубайы Сюзан 2016-2024-жылдар аралыгында төрөлгөн балдарга таандык 25 млн эсептин ар бирине 250 доллардан салым кошуу үчүн жеке каражаттарынан 6,25 млрд доллар берерин айтышты. "Трамптын эсептеринин" ээлери өлкөнүн орточо үй-бүлөлүк кирешеси жылына 150 миң доллардан ашпаган аймактарында жашашы керек. Dell үй-бүлөсү Кошмо Штаттардагы балдардын 80% бул критерийге жооп берет деп эсептешет. Uber, Nvidia, T-Mobile, Charter Communications жана башкалар сыяктуу бир нече ири эл аралык компаниялар бул кайрымдуулуктарга катышууга кызыкдар экенин билдиришүүдө.
Эсеп ээлери 18 жашка чыкканга чейин өздөрүнүн топтоо каражаттарына колдоно алышпайт. Бул жашка жеткенде, эсептер кадимки пенсиялык топтоо программасына айланат.
АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, эгерде эсептер жыл сайын мүмкүн болгон максималдуу 5 миң доллар өлчөмүндө толукталса, анда 18 жашка чыкканда, инвестициялардын кирешелүүлүгүнө жараша эсептеги топтоо суммасы 191,5 миң доллардан 676,4 миң долларга чейин жетиши мүмкүн. Андан тышкары, эгерде эсеп ээси бул топтоо каражаттарын 28 жашка чейин коротпосо, анда алардын топтоо суммасы 600 миң доллардан 1,9 млн долларга чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.