Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. АКШда автобус кырсыкка кабылып, 21 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу “МИР 24” телеканалы Associated Press агенттигинин маалыматына таянып кабарлайт.
Анда белгиленгендей, Пенсильвания штатында окуучулардын футбол командасы бараткан автобус кырсыкка кабылган. Натыйжада 21 адам ооруканага жаткырылды. Кырсык учурунда унаада 25 өспүрүм жана үч чоң киши болгон.
Муниципалитеттин полициясынын башчысы Экономи Майкл О'Брайендин айтымында, кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин Алжирде да жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 адам каза таап, тогуз киши жаракат алган.