Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. АКШнын Түндүк Каролина штатында массалык атышуудан бир адам мерт кетип, 12 киши жарадар болду. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги жазды.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, бир жабырлануучунун абалы өтө оор, дагы 10 адам оор абалда ооруканада жатат.
Буга чейин 28-майда дагы АКШнын Филадельфия шаарында массалык атышуудан эки адам каза болуп, кеминде сегиз киши жарадар болгону кабарланган. Каза болгондордун экөө жашы жете элек балдар.