АКШда алты миңден ашуун студенттик виза жокко чыгарылды

Дүйнө Загрузка... 20 Август 2025 11:38
WhatsApp Image 2025-08-19 at 18.27.24.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти быйыл 6 миңден ашуун студенттин визасын жокко чыгарды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, визалар иммиграциялык мыйзам бузуулар үчүн, анын ичинде мөөнөтүн узартуу жана кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн жокко чыгарылган.

Мыйзамды бузгандыгы үчүн 4 миңдей виза жокко чыгарылса, дагы 200-300 виза террордук ишмердүүлүккө шектелип, иммиграция жана жарандуулук мыйзамына ылайык жокко чыгарылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио миңдеген студенттик визалардын ээлери өлкөнүн тышкы саясатына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасаганы үчүн жокко чыгарылганын айткан.