Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. АКШда акыркы бир айда 11,2 миң жумуш оруну кыскарды, деп АКШнын эмгек рыногу боюнча ADP Research'тин аналитикасында айтылганын, Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, АКШда жеке сектордогу жумуш орундары 25-октябрга чейин төрт жуманын ичинде жумасына орто эсеп менен 11 миң 250гө кыскарган.
Жумуш орундарынын өсүшү билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында, ошондой эле чекене соода, транспорт жана коммуналдык кызматтарда байкалган. Ошол эле учурда кесиптик жана бизнес кызматтарында, IT жана көңүл ачуу чөйрөсүндө жумуш орундары азайган.
Мурунку отчетто жеке сектордогу жумуш орундары 11-октябрга чейин аяктаган төрт жуманын ичинде жумасына орто эсеп менен 14 миң 250гө көбөйгөнү көрсөтүлгөн.