АКШ өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кете турган өспүрүм мигранттарга $2500 сунуш кылууда

Дүйнө Загрузка... 06 Октябрь 2025 08:20
WhatsApp Image 2025-10-06 at 05.00.58.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги АКШдан өз ыктыяры менен чыгып, өлкөсүнө кайтууга даяр болгон ар бир өспүрүм мигрантка 2500 доллардан төлөм сунуштайт. Бул тууралуу Интерфакс ABC News кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, төлөмдөр 14 жаштан жогору болгон улуулардын коштоосу жок жүргөн жашы жете электерге берилет. Бул сунуш Качкындарды жайгаштыруу башкармалыгынын камагында турган мексикалыктарга же жашы жете электерге тиешелүү эмес экендиги айтылды.

Ушул жылдын башында АКШ бийлиги бойго жеткен мыйзамсыз мигранттарга өлкөсүнө өз ыктыяры менен кайтып кетүүсү үчүн 1000 доллардан сунуштаган.