Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. АКШ Тынч океанда бараткан кемеге сокку урду. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет билдиргенин, Интерфакс жазды.
Анын айтымында, АКШ Тынч океанында баңгизат ташыган деп шектелген кемеге сокку урган.
"Президент Трамптын көрсөтмөсү менен министрлик террористтик уюм деп таанылган уюм тарабынан башкарылган кемеге каршы өлүмгө алып келүүчү сокку урду", - деп жазган Хегсет социалдык тармактагы баракчасына.
Ал белгилегендей, чалгындоо маалыматтарында кеме баңгизат аткезчилиги менен алектенип, "белгилүү баңгизат аткезчилиги жолу менен өтүп, баңгизат ташып жүргөнү" көрсөтүлгөн.
Сокку Тынч океанынын чыгышында болуп, кемедеги эки киши каза тапты деп кошумчалады Хегсет.
"Биз жарандарыбызды ууландыруу үчүн Америкага баңгизат ташууга аракет кылган ар бир кемени таап, жок кылабыз. Мекенди коргоо биздин эң башкы артыкчылыгыбыз", - деген ал.