АКШ Россиядан бриллианттын айрым түрлөрүн импорттоого уруксат берди

Дүйнө Загрузка... 28 Август 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-08-28 at 09.02.38.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. АКШ Россиядан бриллианттын айрым түрлөрүн импорттоого уруксат берди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган лицензияда айтыларын Известия билдирди.

Маалыматка караганда, документте 2024-жылдын 8-февралындагы тыюу салынган бардык операцияларга 2026-жылдын 1-сентябрына чейин уруксат берилгени белгиленген.

Негизги талап бриллианттар АКШга импорттолгонго чейин физикалык жактан Россиядан тышкары жерде турушу зарыл.

Бул шарт 2024-жылдын 1-мартына чейин Россиянын чегинен тышкары жеткирилген бир карат же андан көп салмактагы орус бриллианттарына тиешелүү.

Салмагы 0,5 карат же андан көп болгон бриллианттар үчүн бул мөөнөт 2024-жылдын 1-сентябрына чейин деп көрсөтүлгөн.