АКШ мексикалык 50дөн ашуун саясатчынын визасын жокко чыгарды

Дүйнө Загрузка... 15 Октябрь 2025 17:58
WhatsApp_Image_2025_MfzP4mQ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. АКШнын өкмөтү Трамптын администрациясы баңгизат ташыгандар жана алардын болжолдуу өнөктөштөрүнө каршы күрөшүүнүн фонунда Мексиканын 50дөй саясатчысына жана мамлекеттик кызматкерлерине берилген визаларды жокко чыгарды. Бул тууралуу “Казинформ” Рейтер агенттигине таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин да мындай бир нече фактылар ачыкка чыккан.

АКШнын мурдагы үч элчиси мурунку администрациялар да визаларды жокко чыгаруу ыкмасын колдонушканын, бирок мындай кеңири масштабда эмес экенин белгилешкен.

Алардын айтымында, бул кадам президент Дональд Трамптын дипломатиялык механизмдерди саясий максаттарга жетүү үчүн колдонууга даяр экенин көрсөтөт.

Чечим АКШга такай келип турган Мексиканын саясий элитасынын тынч нааразылыгын жаратты.

"Визалар, анын ичинде чет элдик аткаминерлерге берилген визалар, Американын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген иш-аракеттер үчүн каалаган убакта жокко чыгарылышы мүмкүн", - деген Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу кызматкери.

Белгиленгендей, мындай иш-аракеттерге баңги заттарды сатуу, виза мөөнөтүн узартуу, коррупция, тыңчылык же мыйзамсыз миграцияга көмөктөшүү кирет, деп кошумчалады чиновник.