АКШ Кытай, Түркия жана БАЭнин 26 компаниясына экспорттук чектөө киргизди

Дүйнө Загрузка... 09 Октябрь 2025 09:00
c542393b-9568-45c0-a721-d2e784d8992b.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. АКШ бийлиги Кытай, Түркия жана БАЭнин бир нече компанияларына экспорттук чектөө киргизди. Бул тууралуу Интерфакс АКШнын Соода министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Анда белгиленгендей, Вашингтон чектөөнүн киргизилишин компаниялардын ишмердүүлүгү АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептегендиги менен түшүндүргөн.

"АКШнын Соода министрлиги бул компаниялардын аракеттери АКШнын улуттук коопсуздугуна же тышкы саясий кызыкчылыктарына карама-каршы келет деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

Чектөөлөр жалпысынан 26 компанияга тиешелүү, алардын көбү кытайлык компаниялар.