АКШ финансы министри 70ке жакын өлкө бажы тарифтерин кыскартууну суранып жатканын айтты

Дүйнө Загрузка... 08 Апрель 2025 17:07
WhatsApp Image 2025-04-08 at 14.00.27.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. АКШдан 70ке жакын өлкөнүн өкүлдөрү тарифтерди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү суранууда. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде билдирген.

Өз сөзүндө Скотт Бессент чет элдик өкүлдөргө сабырдуу болууга, кырдаалды курчутпоого жана Трамптын администрациясына “тарифтерди төмөндөтүүнү, тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюуну, валюталык субсидияларды токтотууну” пландоо боюнча конкреттүү сунуштар менен кайрылууга кеңеш берди.

“Ошондо гана Трамп бир күнү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр болот. Биз тарифтердин жогорку чегине жеттик. Ийгиликтүү сүйлөшүүлөр тарифти акырындык менен төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деген ойдомун. Бирок, көп нерсе башка өлкөлөрдөн көз каранды болот. Президент өз ара сооданын шарттары буга чейин адилетсиз болгон деп эсептейт. Андыктан сүйлөшүүлөр катаал болорун убада кылууда”,-деди Бесент.

Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Ага ылайык, 10%дык универсалдуу тарифтер 5-апрелден тарта күчүнө кирсе, жеке тарифтер 9-апрелден тарта күчүнө кирет.