АКШ дүйнө чемпионаты өңдүү ири иш-чаралардын коопсуздугуна 500 млн доллар бөлүүнү пландоодо

Дүйнө Загрузка... 14 Октябрь 2025 09:25
wpid-chm.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы алдыдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты жана башка ири иш-чаралар өтүүчү жайларды учкучсуз учактардын чабуулунан коргоо үчүн 500 млн доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Интерфакс Politico кабарлаганын жазды.

2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жумушчу тобунун башчысы Эндрю Жулианинин айтымында, Трамптын администрациясы стратегияны иштеп чыгууга, АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган турнирдик жайларды, ошондой эле АКШнын 250 жылдыгына арналган салтанатты жана Лос-Анжелесте 2028-жылы боло турган Олимпиада оюндарынын учурундагы коргоо иштери үчүн федералдык жана жергиликтүү бийликтерге 500 млн доллар бөлүүгө ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Вашингтондо 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тайпалык этабына чүчү кулак кармалат.

Турнир 2026-жылдын июнь жана июль айларында биринчи жолу үч өлкөдө өтөт. Ага 48 команда катышат.

Беттештердин көбү АКШнын 11 шаарында, анын ичинде Бостон, Филадельфия жана Лос-Анжелесте, башкалары Канада менен Мексикада уюштурулат.

Финалдык беттеш 19-июлда Нью-Йорктогу "Мэтлайф-стэдиум" стадионунда болот.