Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөгө кирүү үчүн бардык чет элдик туристтерден акыркы беш жылдагы социалдык медиадагы активдүүлүгү тууралуу маалымат берүүнү талап кылууну сунуштоодо. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, АКШнын Бажы жана Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, бул талап Улуу Британия жана Германия сыяктуу визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ өлкөлөрдүн жарандарына да тийиштүү болору айтылган.
Социалдык медиадан тышкары, талап кылынуучу маалыматтардын катарына акыркы беш жылда колдонулган электрондук почта даректери, телефон номерлери, үй-бүлө мүчөлөрүнүн даректери жана аттары кирет.
Мындан мурда, июнь айында АКШнын Мамлекеттик департаменти виза алууга арыз бергендер үчүн социалдык медиа профилдерин көрсөтүү милдеттүү болорун жарыялаган.