Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү тармактарынын бири болгон уй жана кой этин өндүрүүдө туруктуулукту сактап келе жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, өлкө эттин бул түрлөрү менен ички муктаждыгын толук камсыздай алат. Бул — дүйнөлүк инфляциянын жана азык-түлүк бааларынын өсүшүнүн фонунда өзгөчө мааниге ээ көрсөткүч. Эттин баасын турукташтыруу максатында өкмөт сулп эттен тышкары, уй жана кой этине болгон мамлекеттик баа жөнгө салуунун мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул чечим баанын кескин өсүшүнө жана соодагерлердин өз алдынча бааны көтөрүүгө жол бербөөгө, ошондой эле эттин калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоого багытталган.
Ички рыноктогу абалды турукташтыруу үчүн тирүү малды экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Бул чара эт жетишсиздигинин алдын алып, ички рынокту жетиштүү көлөмдөгү эт менен камсыздоого тийиш.
Эксперттер белгилегендей, Кыргызстан чындап эле эт боюнча өзүн-өзү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок тобокелчиликтер дагы деле бар. Алардын катарында тоюттун кымбатташы, ветеринардык дары-дармектин тартыштыгы жана аймактар аралык логистиканын алсыздыгы көрсөтүлөт. Кыргызстан эт тармагында азык-түлүк көз карандысыздыгынын жогорку деңгээлине жетишти, бирок бул ийгилик туруктуу колдоону жана системалуу көзөмөлдү талап кылат. Бааны көзөмөлдөө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек.
Бирок, бүгүнкү күндө азык-түлүк баасынын, өзгөчө эттин кымбатташы кайрадан коомчулуктун көңүл борборунда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына берген маегинде баанын негизсиз көтөрүлүшү жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнүн алсыздыгы тууралуу ачык айтты.
Расмий маалыматтарга ылайык, эттин чекене баасы учурда килограммына 700–900 сом аралыгында. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, жогорку баа 700 сомдон ашпоого тийиш. Ошол эле учурда дүң баа 400–500 сомдун тегерегинде, бул учурдагы базар баасы негизсиз кымбат экенин көрсөтөт.
Ташиевдин айтымында, жеке сатуучулар көзөмөлдүн жоктугунан пайдаланып, бааны өз каалоосу менен коюп жатышат. Анын белгилешинче, үстөк баа акылга сыярлык болуп, 50–100 сомдон ашпоого тийиш. Мындай көрүнүш мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздигин жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу механизмдеринин алсыздыгын айгинелейт.
Мыйзамга ылайык, баа саясатын көзөмөлдөө милдети Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан жана жергиликтүү бийлик органдарынан — акимдерден, мэрлерден, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн талап кылынат. Дал ушул түзүмдөр өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөп, мыйзам бузуу учурларына ыкчам чара көрүүгө тийиш.
Бирок Ташиев белгилегендей, жергиликтүү деңгээлде бул маселе дээрлик көңүл сыртында калып жатат.
«Кабинеттерде отура бербегиле, базарларга чыккыла, ишкерлер жана сатып алуучулар менен сүйлөшкүлө. Бааны өзүңөр текшерип, баа түзүү механизмин көзөмөлдөгүлө. Эл үчүн адилеттүүлүккө жетүүнүн бир гана жолу ушул», — деди УКМК төрагасы.
Эксперттердин баамында, Ташиевдин билдирүүсү жүйөлүү көйгөйдү чагылдырат. Борбордо кабыл алынган чечимдер көп учурда аймактарга чейин жетпейт, ал эми мыйзамдын аткарылышы формалдуу мүнөздө калууда. Ошол эле учурда эттин баасынын өсүшү калктын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир этүүдө, айрыкча кирешеси аз болгон айыл жерлеринде.
Айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев Камчыбек Ташиев эттин баасын көзөмөлдөө боюнча аткаминерлерге жоопкерчилик жүктөгөнүн туура кадам деп эсептейт.
Анын айтымында, стратегиялык маанидеги бул азыктын чекене баасы чынында эле ашыкча көтөрүлүп кеткен, ошол эле учурда айрым жетекчилер өкмөттүн бааны жөнгө салуу режимин аткарууга жетиштүү көңүл бурбай жатышат.
«Азыр республикада өндүрүлүп жаткан эт көлөмү калктын муктаждыгын 80 пайыздан ашык камсыздайт. Бул — өлкө көз карандысыздык алгандан берки эң жакшы көрсөткүч, ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга негиз түзөт.
Чекене баанын көтөрүлүшү жеткирүү чынжырындагы ак ниетсиз ортомчулардын аралашуусуна байланыштуу. Аны ачык айтканда, биз спекулятивдик үстөк коюуларга туш болуп жатабыз. Бул туура эмес, анткени мындай “ишкерлер” малчылардын оор эмгегин тебелеп, жөнөкөй элдин эсебинен пайда көрүшөт. Алар инфляцияны күчөтүп, мамлекетке олуттуу зыян келтирүүдө.
Менин оюмча, бул багытта катуу чаралар көрүлүшү керек. Эгерде биз ортомчуларды жойбосок, канча эт өндүрсөк да баасы 900 сомдон төмөн болбойт.
Эгерде фермалардагы эттин дүң баасы 450–500 сом болсо, базар эрежесине ылайык соода үстөгү 15 пайыздан ашпашы керек. Демек, ортомчуларды четтетсек, эт дүкөндөрдө канча болушу мүмкүн — өзүңөр эле эсептеп көргүлө. Алар менен күрөшүү зарыл, керек болсо кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Анткени булар ишкер эмес, чыныгы спекулянттар. Мындай бизнес болбойт.
Азыр Кыргызстанда эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген, өзгөчө режим иштеп жатат. Бирок ушул режимди бузбай иштеген сатуучу же дүкөн барбы? Жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилер муну көз жаздымда калтырууда. Кайда биздин мэрлер, акимдер, президенттин өкүлдөрү? Эгер эттин баасы жөнгө салынган болсо, анда бардык мамлекеттик органдар рыноктогу тартипти камсыз кылууга катышууга тийиш. Ал эми жетекчилердин шалаакылыгы же спекулянттарга көмөктөшүүсү үчүн жоопкерчилик каралышы керек», — деди Жамин Акималиев.