Акча үчүн эмес, ырахат алыш үчүн иштейм - Бишкек ЖЭБнин кызматкери Айнагүл Искакова

Интервью Загрузка... 06 Март 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айнагүл Искакованын өздүк архивинен

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Баарыбызга белгилүү болгондой, эне болуп үй-бүлө очогун сактоо - табиятынан назик жаралган аялзатынын негизиги милдети. Ошого карабай мырзаларга тиешелүү кызматтарды аркалап, алардан кем калышпай кызмат өтөгөн айымдардын да саны арбын. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги борбор калаадагы “Бишкек ЖЭБ” ишканасында өз жумушун мырзалардан да мыкты аткарып, талыкпай эмгектенип келе жаткан от тоскуч (огнеупорщица) Айнагүл Искакова менен маек курду.

WhatsApp Image 2025-03-06 at 08.44.22.jpeg

Саламатсызбы, Айнагүл айым. Келе жаткан 8-март майрамыңыз менен! Алгач өмүр таржымалыныз тууралуу айтып берсеңиз. Буга чейин кайсы тармакта эмгектендиңиз эле?

Саламатчылык! Бизге окшогон айымдарды унутта калтырбай, даңазалап турганыңыздар мен үчүн чоң сыймык. Мен Нарын облусунунун Нарын районунда (мурдагы Тянь-Шань району) 1964-жылы жарык дүйнөгө келгем. Бактылуу балалыкта чоңойдум. Ата-энем эч нерседен кем кылбай бапестеп өстүрдү. 1981-жылы Нарын районундагы Токтогул Сатылганов атындагы мектепти аяктадым. Анан баарындай болуп эле борборго келип, Педтехникумда билим алдым. Окуу жайды дагы ийгиликтүү аяктадым. Союз маалында соода базалары абдан жакшы иштечү. Жумуш издеп отуруп, ошол базалар тууралуу маалымат алдым. Барсам менин жөндөмдүүлүгүмдү байкап жумушка алышты. Ошентип ошол жерде бухгалтер болуп иштеп калдым.

WhatsApp Image 2025-03-06 at 08.44.23.jpeg

Учурдагы кесибиңизди кантип аркалап калдыңыз эле?

Жогорудагы айтып өткөн соода база, мен жумушка киргенден көп өтпөй эле тарап кетти. Кайра жумуш издеп көпкө чейин жүрдүм. Бир күнү дагы жумуш издеп жүрүп, жарнамадан жылуулук электр борборунда бош жумуш оруну бар экенин окуп калдым. Ага чейин ЖЭБ тууралуу таптакыр маалыматым жок эле. Түтүктү изоляциялоо керек десе, түтүк чыгаруучу завод турбайбы деп ойлогом. Жарнамадагы дарек менен барсам, аябай чоң завод болуп көрүндү. Кадрдык бөлүмүнө кирсем, ал жактан мага жумуш тууралуу түшүндүрүп беришти. Карасам менден башка дагы бир нече айымдар иштеп жатыптыр. Аларды көрүп, булар иштеп жатышса мен эмнеге иштей албашым керек деп ойлондум. Айымдарды көрүп булардан эмнем кем деп намыстанып акыры жумушка орноштум. Албетте, 1-2 жылдай жеңил болгон жок. Ыйлаган, сынган күндөр болду. Анткени, жумуш оор. Бирок оңой оокаттын өзү жок деп баарын жеңип чыктым. 1986-жылдан бери ушул тармакта кызмат өтөп келе жатам. Быйыл буюрса 39 жыл болот экен.

WhatsApp Image 2025-03-06 at 08.44.24.jpeg

ЖЭБде иштөө айымдарга канчалык оор? Жумушта кандай кыйынчылыктар кездешет?

Негизи бул жылуулук электр борборунда иштөө айымдарга эле эмес, эркектерге деле абдан оор. Айрыкча биздин тармак. От казандын ичинде газ камерасы болот. Ошол газ камераларынан ысык чыгып кетпеши үчүн отко чыдамдуу жабдууларды, кышты төшөп чыгабыз. Тагыраагы отко чыдамдуу жабдуулар жана кыш менен отту тособуз. Анткени, ысыкты чыгарбай от казандын ичиндеги сууну ысытуу керек. Себеби, дал ушул ысык суу шаарыбыздын бардык тургундарынын үйлөрүнө жылуулук берет. Тургундардын жылуу-жумшак үйдө отурушу биздин кызматтан көз каранды десек да болот. Иштеген жерибиз ысык, чаң бул албетте адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Ысып чыксаң эле сыртта суук болот. Үшүп дароо суук тийип калган учурлар да болот. Мурун бул жерде иштеген айымдар абдан көп эле. Жумуш оор болгондуктан көбү кетип калышты. Азыр айымдардан экөөбүз эле иштеп жатабыз.

WhatsApp Image 2025-03-06 at 08.44.24 (1).jpeg

Жогоруда бул тармакта кызмат өтөгөнүзгө 39 жыл болуп калганын айттыңыз, бул жумушуңүзду сүйгөндөн кабар берсе керек? Айлык маянаңыз күнүмдүк жашоо турмушка жетеби?

Ооба, жумушумду жакшы көрөм. Ошол кезде дал ушул тармакка келип калганыма шүгүрчүлүк келтирем. Күндө эрте менен турганда жумушка барам деп ырахат алуу менен келем. Эң башкысы мен акча үчүн эмес, ырахат алыш үчүн иштейм. Айлык маянага келе турган болсок, кээде жетип ашып да калат, кээде жетпей да калат. Жашоодо ар кандай кезеңдер болот да.

Сиз үчун аялдык бакыт деген эмне?

Мен бул жашоодо тилеги орундалаган адамды бактылуу деп эсептейм. Аялзаты өзүнүн сүйгөн кесибин аркалаган болсо, анда ал бактылуу. Айымдар эгерде бүгүнкү күндө таптакыр көңүлүңөр тартпаган жумушта иштеп жаткан болсоңор, өзүңүздөр сүйгөн кесип менен иштегиле дегим келет. Себеби ал жумуштан силер бактылуу боло албайсыңар. Аял заты бактысыз болсо, бүт дүйнө бактысыз. Адам жүрөгү сүйгөн кесиби менен алектенмейинче ийгиликке дагы жетүүсү күмөн. Сүйгөн ишиң болсо туш тараптан идеялар да курчайт. Мен сүйгөн кесибимди таптым, демек бактылуумун.

Айымдарды келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап өтсөңүз болот.

Урматтуу айымдар, апалар, эже-сиңдилер сиздерди келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жергебизге жаздын келиши биздин майрам менен башталат. Айымдар дүйнөдө теңдешсиз асыл зат. Аялзатынын акылмандыгы, улуулугу, сулуулугу, асылдыгы, назиктиги – баарыбыздын көркүбүз жана сыймыгыбыз. “Эне – өмүр башаты, бала – өмүр жалгоосу”- деп бекеринен айтпаса керек. Үйдүн куту, үй-бүлөнүн бактысы болгон энелердин коомдогу орду да чоң. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, аялдык бакыт, жаздай сулуулук каалайм. Ар дайым үй-бүлөөңүздөрдө токчулук, ынтымактуулук калоо менен бирге өлкөбүзгө тынчтык тилейм!

Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизги ийгилик!