Академик Осмон Тогусаков дүйнө салды

Коом Загрузка... 21 Май 2025 10:22
WhatsApp Image 2025-05-21 at 07.00.03.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек 21.05.25 /Кабар/. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков дүйнө салды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Осмон Тогусаков 1953-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Арык айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн.

1993-жылы философия илимдеринин доктору, 1994-жылы эл аралык коомдук Айтматов академиясынын мүчөсү болгон. 1992-жылдан 2017-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору болуп иштеген. 2017-жылдан 2022-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аркалаган.

Эмгектери табият таануу жана техниканын философиялык маселелерине арналган. Илимий теориялык изденүүлөрү алдын ала андап билүүнүн, прогноздоонун диалектикасын, анын илимдеги жана практикадагы методологиялык маанисин тастыктоого багытталган.

Окумуштууга 2003-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери наамы ыйгарылган. Ошондой эле ал 2011-жылы «Данк» медалы, 2021-жылы III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

2020-2021-жылдары Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп, соңку жылдары КР президентинин алдындагы Аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин төрагасы болуп келген.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин жалпы эмгек жамааты окумуштуунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.