Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. "Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пунктунда Казакстандан Кыргызстанга коштомо документтери жок 4 миң 100 даана товарды алып өтүү аракети аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, товарлардын жалпы баасы 800 миң сомдон ашат. Текшерүүдө жүктөрдү көзөмөл тартибин бузуу менен акыга аз-аздан ташыган адамдар тартылганы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча актылар түзүлүп, транспорт каражаты мөөр басылгандан кийин айып короого киргизилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша ишкерге административдик айып салынып, товарлар кармалышы мүмкүн. Ошондой эле кошумча салыктык милдеттенмелер эсептелиши ыктымал.