Ак-Таш жайлоосунда 106 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайлоосунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Алсак, эки эндуро-мотоцикли айып токтотуучу жайга киргизилип, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 106 500 сомду түздү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) инспекторлору менен биргеликте өткөрүштү.

Бул иш-чаралар президенттин экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу чөйрөсүндөгү жарлыктарын, ошондой эле министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө" токтомунун талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.

Министрликтен белгилешкендей, буга чейин Экологиялык көзөмөл кызматы тарабынан туруктуу негизде түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлүп келген. Бүгүнкү күндө көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам талаптарын атайылап бузган жарандарга карата мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлүүдө.

"Ак-Таш жайлоосу - элдин байлыгы. Унаа жана мототранспорт каражаттарынын белгиленбеген жерлерде жүрүшү экосистемага, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана жайлоолордун абалына олуттуу зыян келтирет", - деп белгилешти ведомстводон.