Ак-Талаада чакан ГЭС жана үч суу сактагыч курулат — Кабар

Ак-Талаада чакан ГЭС жана үч суу сактагыч курулат

Аймак 25 июнь 2026 12:40
Ак-Талаада чакан ГЭС жана үч суу сактагыч курулат
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков маалымат берди.

Маалымдалгандай, район аймагында кубаттуулугу 1 МВт болгон, наркы 105 млн сомдук Тогуз-Булак чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда.

Иригациялык долбоорлор ири инфраструктуралык демилгелердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Тактап айтканда, баасы 1 млрд сомдук 3352 гектар сугат жерин камтыган Терек-Сай он күндүк жөнгө салуучу бассейнин, баасы 4 млрд сомдук 10 280 гектар айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуучу Жаман-Даван суу сактагычын, ошондой эле 850 млн сомго бааланып, 4987 гектарды камтыган Курка он күндүк жөнгө салуучу бассейнин куруу каралган.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Нарын облусунун жалпы азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.