Ак-Талаада заманбап мал бордоо жана мал союу комплекси ачылды

Аймак 22 Декабрь 2025 08:50
601098480_890659760137128_4959061376063071833_n.jpg
600180901_890659513470486_6121051800363838387_n.jpg
600353682_890659816803789_3075367201893372218_n.jpg
601357995_890659876803783_3474190009327142178_n.jpg
601364687_890659966803774_2118372219500374676_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УТРК Нарын

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Ак-Талаа районунда заманбап мал бордоо жана мал союу комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мал бордоо комплекси 200 баш бодо малды (уй, жылкы) жана 1500 баш майда жандыкты (кой, эчки) багып семиртүүгө ылайыкталган.

Ошондой эле комплекс суткасына 100 баш мал союу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, заманбап санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берет.

Жаңы ишке кирген комплекс Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.