Ак-Талаада эксперимент катары күн карама өстүрүлүүдө

Аймак Загрузка... 25 Август 2025 17:37
WhatsApp_Image_2025-08-22_at_15.00.08.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Ак-Талаада эксперимент катары күн карама өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиоенгендей, Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда күн карама май өсүмдүгүнүн аянтын кеңейтүү максатында быйыл 1 гектар жерге эксперимент катары Россиянын Алтай крайынан алынып келинген кыска убакытта быша турган күн карама сорту себилди.

Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, өсүмдүктүн биздин климатка ыңгайлашуусу жана өсүп-өнүгүүсү жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө. Бул күн карамадан май алуу үчүн атайын жабдуу (станок) да бар.

"Эгер түшүмдүүлүгү жана майынын сапаты жакшы натыйжа берсе, кийинки жылдан тартып күн карама эгүү аянттарын жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана айыл чарба кооперативдери менен биргеликте кеңейтүү иштери колго алынат",-деп айтылат маалыматта.