Ак-Талаада 90 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады

Аймак 21 Октябрь 2025 14:04
567961691_1324238059175240_4728457035147520597_n.jpg
568369314_1324238042508575_8528084787190299706_n.jpg
568516951_1324237975841915_1109236586631086361_n.jpg
568541689_1324238025841910_1803161219838307639_n.jpg
569079926_1324238002508579_1989532552252781733_n.jpg
569184263_1324238049175241_5982279456419233417_n.jpg
569511920_1324237959175250_2729652008576278196_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор республикалык бюдеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылды. Объекттин тендердик баасы 77 млн сомду түзөт.

Бала бакча 90 орунга ылайыкталып, заманбап эки кабаттан турат. Башкы план боюнча жалпы аянты 892 чарчы метр болгон имаратта уктоо, ойноо, тарбиялык саат өтүү бөлмөсү жана ашканасы бар.

Мындан сырткары, сырткы ойноо аянтчасы да каралып, курулуш стандартынын негизинде салынды.