Ак-Талаада 31 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Аймак 16 10 Август 2026 09:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда социалдык жана инфраструктуралык маанидеги 31 жаңы курулуш объектисинде иштер жүргүзүлүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн бидиришкендей, облус башчысы Нурбек Сатаров райондо курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринен таанышты.

"Учурда райондо маданий борбор, спорт комплекси, музыкалык мектеп, Ак-Талаа ГЭСи, 3 мектеп, 3 бала бакча жана күч түзүмдөрүнө тиешелүү 4 объект курулууда. Ошондой эле 3 имаратта капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Нарын – Баетов, Баетов – Макмал жолдорунун 10 чакырымында жана Ак-Тал – Чат – Казарман жолунун 5 чакырым тилкесинде капиталдык оңдоо иштери аткарылууда.