Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында жаңы мектеп жана бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 29 Июль 2025 14:45
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында жаңы мектеп жана бала бакча курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында курулуп жаткан 90 орундуу заманбап бала бакчаны жыл аягына чейин пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Учурда курулуш-монтаждоо иштери кызуу уланууда.

Ошондой эле А.Турдакунов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залдан турат.