Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылды

Коом 02 Декабрь 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-12-02 at 12.38.13.jpeg
593353246_122195478380341273_5843864547814445638_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-02 at 12.38.13.jpeg
593353246_122195478380341273_5843864547814445638_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, арзандатылган баадагы эт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен калкты социалдык колдоо жана кышкы сезонго даярдык көрүү максатында сатылды.

Иш-чаранын алкагында “Толо-Темир” асыл тукум чарбасы райондун тургундары үчүн топоз жана тайдын этин 1 килограммын 550 сомдон сунуштады. Бул акция 1-декабрда өткөрүлүп, калкка этти базар баасынан кыйла төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Акимчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, бул акция жакынкы күндөрү дагы улантылат. Ошондой эле башка чарбалар менен дагы кызматташуу пландалууда.