Ак-Сууда эки көпүрө курулууда. Касымалиев иштер менен жеринде таанышты

Министрлер кабинети 20 Июль 2026 15:40
6a5ddf6104154.jpg
6a5ddf79672c8.jpg
6a5ddf72d7562.jpg
6a5ddf72cedea.jpg
6a5ddf6a7cdfd.jpg
6a5ddf6a4a7c0.jpg
6a5ddf6a31f81.jpg
6a5ddf6151a69.jpg
6a5ddf60ee075.jpg
6a5ddf60a9366.jpg
6a5ddf60a5a68.jpg
6a5ddf5989e76.jpg
Алдыга
Артка
6a5ddf6104154.jpg
6a5ddf79672c8.jpg
6a5ddf72d7562.jpg
6a5ddf72cedea.jpg
6a5ddf6a7cdfd.jpg
6a5ddf6a4a7c0.jpg
6a5ddf6a31f81.jpg
6a5ddf6151a69.jpg
6a5ddf60ee075.jpg
6a5ddf60a9366.jpg
6a5ddf60a5a68.jpg
6a5ddf5989e76.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтө турган эки көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анда “Зайнулин” жана “Ак-Үңкүр” көпүрөлөрүн куруу долбоорлору ишке ашырылууда.

“Зайнулин” көпүрөсүнүн узундугу 76,13 метрди түзөт, конструкциянын сырткы туурасы 5,8 метрди жана ички туурасы 4,54 метр. Көпүрө үч тирөөчкө орнотулуп, жалпы узундугу 64,2 метр болгон металл конструкциядан курулган. Долбоордо ошондой эле көпүрөгө алып баруучу жана андан чыгуучу жолдорду куруу дагы каралган. “Зайнулин” көпүрөсүнүн курулушу толугу менен бүткөрүлүп, учурда тегерегин иретке келтирүү, көрктөндүрүү жана түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми “Ак-Үңкүр” көпүрөсүнүн узундугу 143,26 метрди түзөт, конструкциянын сырткы туурасы 5,8 метрди, ал эми ички туурасы 4,54 метр. Жалпы узундугу 131,06 метр болгон металл конструкцияларды колдонуу менен беш тирөөчтүн үстүнө курулууда. Долбоордо ошондой эле көпүрөгө кирүүчү жана чыгуучу жолдорду куруу дагы каралган. Келишимдик милдеттенмелерге ылайык, “Ак-Үңкүр” көпүрөсүнүн курулушун аяктоо 2026-жылдын 1-августунан кечиктирилбестен ишке ашыруу пландаштырылган.

Учурда объекттердин ишенимдүүлүгүн жана бышыктыгын камсыз кылуу максатында коргоочу курулмалар курулууда. Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документтер Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык келтирилип, архитектуралык-шаар куруу корутундусун алуу үчүн тиешелүү органдарга тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы курулуш иштерин өз убагында аяктоонун жана объекттердин сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө аймактарында инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү зарылдыгына басым жасады.

Сары-Жаз аймагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү 180 миң гектардан ашык жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.