Ак-Сууда экологияга зыян келтирген ишканага айып салынды

Коом 112 19 Август 2026 11:10
778551108_1786343362401935_8616844485568572968_n.jpg
775847217_1523747262413675_2976563236744362023_n.jpg
776497513_1563965928442188_6436051337770134662_n.jpg
776222558_1533281231450621_112395965480896936_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ак-Суу районуна караштуу Башарын тилкесинде жайгашкан “Ак-Булак” ишканасына пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы текшерүүдө ишканага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузгандыгы үчүн 28 миң сом, жерлерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле жер кыртышын бузгандыгы үчүн келтирилген зыянды өндүрүү максатында 7 200 сом өлчөмүндө доо коюлду.