Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Ак-Ордо конушундагы №104 жалпы билим берүүчү мектеп 2026–2027-окуу жылын баштоого даяр. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматына караганда, мектеп окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык база, педагогикалык жана техникалык кызматкерлер менен толук камсыздалган. Бүгүнкү күндө мектеп штаттык режимде иштеп жатат.
"Мектептин долбоордук кубаттуулугу 750 окуучуга эсептелгени менен, жаңы окуу жылында анда 3 миңге жакын окуучу үчүн 100 класс-комплект түзүлдү. Анын 66сы башталгыч, 34ү орто жана жогорку класстарга тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия социалдык тармактарда мектеп парталардын жетишсиздигинен улам окуучуларды кабыл алууга даяр эмес деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Ошол эле учурда мектепке жакын аймактарда мектеп жашындагы балдардын саны көп болгондуктан, окуу жайга олуттуу жүктөм түшүп жатканы айтылды.