Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бишкектин Ак-Ордо конушунда калктын өсүшүнө байланыштуу төрт мектеп жана эки бала бакча куруу каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын сентябрында конуштагы №104 мектептин 750 орундуу жаңы корпусу пайдаланууга берилди. Экинчи корпусун ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, конушта дагы бир мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Учурда иштердин 95 пайызы аткарылды.
Ошондой эле Ак-Ордо конушунда эки бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.
Жаңы мектептер ишке киргенге чейин №104 мектепте окуу процесси бир нече нөөмөттө уюштурулууда. Жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышы менен окуучулар үчүн шарттар этап-этабы менен жакшыртылат.