Ак-Ордо: Чолпон көчөсүнө асфальт төшөлүп, тротуар салынууда

Коом 13 ноябрь 2025 14:34
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.37 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.37 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-13 at 13.53.37 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунун Чолпон көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Атап айтканда, көчөнүн Долон-Бий көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда.

Буга чейин бул көчөдө асфальт болгон эмес. Учурда жолчулар жолду даярдоону жана жол бордюрларын орнотууну аяктап калышты. Буга катар тротуарлардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жакынкы күндөрү тротуарлардын бордюрларын орнотуу жана кудуктарды оңдоо пландаштырылууда.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жолдун эки тарабына тротуар курулат.