Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. 2025-жылдын 15-октябрында Ак-Ордо-3 конушундагы Гагарин жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы спорттук-ден соолук чыңдоочу аймактын салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу «Карылардын ресурстук борбору» коомдук бирикмеси кабарлады.
Жаңы коомдук аянтчада мини-футбол аянтчасы жана заманбап спорттук машыгуу үчүн жана тургундардын эс алуусу үчүн арналган спорт аянтчасы кирет.
Иш-чарага Бишкек мэриясынын, Ленин райондук администрациясынын, №106 жана №109 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Швейцария элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар жана коомдук активисттер катышат.
Маалыматка ылайык, Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3 жана Ала-Тоо-3 жаңы конуштарындагы 20 миңден ашуун тургун ден соолукка пайдалуу, коопсуз жана ыңгайлуу спорттук инфраструктурага жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул аянтча калктын саламаттыгын чыңдоого, социалдык демилгелердин өнүгүшүнө жана жамааттардын ынтымагын бекемдөөгө багытталган.
Ошондой эле акыркы 30 жылда ички мигранттар Бишкек жана Ош шаарларынын четинде отурукташып, каттоонун жана маалыматтын жоктугунан мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экени белгиленди. Бул чакырыктарга жооп катары Швейцария 2022-жылы турак жайлардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган "Аракет" долбоорун ишке киргизген.
«Аракет» долбоору — Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, аны GFA Consulting Group консалтингдик тобу «Карылардын ресурстук борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.