Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында орнотулган фотокапкандарга сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар түшүп калган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, егерлер жана илимий кызматкерлер Көк-Ойрок корук аймагындагы камералардан алынган маалыматтарды чогултушту.
Фотокапкандарга Кызыл китепке кирген ак илбирс менен катар сүлөөсүн, карышкыр, каман, тоо эчки, улар жана башка жаныбарлар менен канаттуулар түшкөн.
Адистердин айтымында, тартылган кадрлар Чоң-Кемин аймагында жапайы жаратылыштын жакшы сакталып, биологиялык ар түрдүүлүктүн жогору экенин көрсөтөт.